Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын жумушчулары пикетке чыгышты


Ушул тапта 50-60 чакты жумушчу “Кыргызнефтегаз” ишканасынын тагдырын калыс чечип берүүсүн сурап, Жогорку Соттун алдында турушат. Ишкананын жумушчусу Токтосун Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алар колдоруна “Биз Жогорку Сотко ишенебиз”, “3,7 млн. долларлык жабдыкты 20 млн. долларга чыгарбагыла” деген жазуулар жазылган плакаттарды кармап турушат.

Бүгүн Жогорку Сотто “Кыргызнефтегаздын” өткөн жылы октябрь айында “Юнитрейд компани” жоопкерчилиги чектелген ишканасы менен түзүлгөн келишимди бузуу өтүнүчү каралат. “Кыргызнефтегаз” ишканасы менен “Юнитрейд компани” ишканасынын келишими боюнча ишти Бишкектеги райондор аралык сот карап, “Юнитрейд компани” ишканасынын пайдасына чечкен. Буга нааразы болгон мамлекеттик ишкана Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот 8-октябрда райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарып, эки ишкананын ортосунда түзүлгөн келишимди мыйзамсыз деп тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG