Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:08

Кадамжайда автоунаа коюп кеткен чек арачы каза тапты


18-ноябрь күнү автоунаа коюп кеткен 20 жаштагы Рахманбек Шерикбай уулу ооруканадан өзүнө келе албай жатып каза тапканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, жаракат алган чек арачы алгач Айдаркен шаарындагы ооруканага, андан кийин абалынын оордугуна байланыштуу Оштогу оорукананын реанимация бөлүмүнө которулган болчу. 20 жаштагы чек арачы жоокер кечээ түнгө жуук көз жумду.
18-ноябрь күнү Кадамжайдагы “Бел” чек ара заставасынын үч жоокерин кезектеги күзөткө бара жаткан жеринен “Ауиди” үлгүсүндөгү автоунаа коюп кеткен. Калган эки жоокердин абалы канааттандырарлык деп бааланууда.(ZKo)
XS
SM
MD
LG