Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Люстрация мыйзамынын бир нече долбоору талкууга коюлат


“Люстрация: мамлекеттик бийликти тазалоо” кыймылынын өкүлү Кубанычбек Маматкеримовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, буга байланыштуу 25-ноябрда тегерек үстөл уюштурулат. Ага ЖК депутаттары, саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар, коомчулук өкүлдөрү, президенттик администрациядан жана өкмөттөн өкүлдөр чакырылууда. Тегерек үстөлдө жалпынын талкуусуна “Люстрация: мамлекеттик бийликти тазалоо” мыйзамын коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев, “Ата Мекен” партиясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов жазган жана “Апрель” элдик кыймылы тарабынан жазылган долбоорлор сунушталат.

Люстрация мыйзам долбоору мурунку бийликтердин тушунда таза эмес иштеген адамдарды саясатка, бийликке аралаштырбоонун бирден-бир чарасы деп саналып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG