Түндүк Кореянын артиллериясы деңиздеги чек арага жакын аралдардын бирин аткылап, ондогон үйлөр күйүп кетти. Калк коопсуз жайга көчүрүлдү. Түштүк кореялыктардан төрттөй жоокер жарадар болду, акыркы кабарларда деңизчи эки аскер окко учканы айтылат. Түштүк кореялыктар да жооп кайтарып, артиллериядан ок атты. Бул көп жылдардан берки куралдуу биринчи ири кагылыш болду. Сэулда президент Ли Мен Бак чукул жыйын өткөрүп, Пхенянды атайылап "куралдуу кычастык жасаганы жана 1953-жылдагы жарашуу келишимин бузганы үчүн" айыптады. Түндүк Кореяны АКШ да сынга алды. Пхенян азырынча үн ката элек.