Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Камбожада улуттук аза күтүү жарыяланды


Пномпендеги элдик майрамдагы тапалаңда 380ге чукул адам кысынды-тепсендиде каза болду, жарадар болгондор 700дөн ашты. Тапалаң Тонлесап дарыясындагы кылкылдап эл толгон чоң көпүрөдө башталып, анын арты кызыл кыйма жөөлөшмөйгө айланды. Бийликтер аламан тапалаң маалында мерт кеткендер саны дагы өсөт деп ырасташууда. Дайынсыз жоголгондорду куткаруучулар суу алдынан издеп жатышат. Өлкөнүн премьер-министри Хун Сен бул окуяны "кызыл кхмерлер" доорунан берки улуттук эң чоң касирет деп атады жана ушул бейшембини жалпы өлкөдө аза күтүү күнү кылып жарыялады.

XS
SM
MD
LG