Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Россия менен Кытай жаңы келишимдерге кол коюшат


Петербургда эки өлкөнүн өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өз ара кызматташтыктын абалына жогору баа беришти. Владимир Путин, атап айтканда, товар алмашуу көлөмү быйыл 42 миллиард долларга жеткенин белгилеп, эки тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн дүйнөдөгү, өзгөчө Азия-Тынч океан аймагындагы стабилдүүлүктүн жана коопсуздуктун фактору деп атады. Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэн Цзябао кызматташтыкты бекемдөөгө ырасмий Пекиндин кызыкдарлыгын ырастады. Баары болуп тараптар он бирге жакын документке кол койгону жатышат.

XS
SM
MD
LG