Расмий Сеулдун ишениминде, кечээ батыштагы деңиз чегине жакын жердеги талаштуу аймакта аралды Түндүк Кореянын артиллериясы аткылаган. Окуяда ондогон үйлөр күйгөн, эки аскер курман болду, ондон ашуун адам жаракат алды. Түштүк Корея муну “мурдатан даярдалган чабуул” деп атап, ал 1950-жылдардагы корей согушун токтоткон жарашуу келишимин бузгандык деди. Түндүк Кореяны аскерий чабуулу үчүн АКШ да сындады.
Президент Барак Обама: “Биз Түштүк Кореяны коргойбуз”, - деп билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Марк Тонер кечээги окуя боюнча жоопкерчиликти Түндүк Корея алышы керектигин айтты. “Биз өзүбүздүн өнөктөштөрүбүз менен биргебиз. Эми жалпы отуруп, мындан ары эмне кылыш керектигин ойлонобуз. Бирок Түндүк Корея өзүнүн мындай аракеттери менен обочодо кала берет", - деди Тонер.
Кытай менен Орусия тараптарды сабырдуулукка, абалды курчута бербөөгө чакырышты.