Социал-демократиялык партиянын координатору Фарид Ниязовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүнкү сүйлөшүүлөр олуттуу мүнөздө болушу күтүлүүдө.
Кечээ Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев “Ата Журт” фракциясынын башчысы Акматбек Келдибеков менен жолугушкан. Жолугушуу кеңешүү мүнөзүндө гана болгонун, СДП тарабынан коалиция түзүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылбаганын “Ата Журт” фракциясынын башчысы “Азаттыкка” маалымдаган.
Социал-демократтардын лидери коалиция түзүү сунушу менен “Ар-Намыс” партиясына да бир катар сунуштар менен кайрылганын, бирок партиянын Жалал-Абаддагы шайлоочулары бул сунуштарга каршы чыгышканын “Ар-Намыстын” саясий кеңеш мүчөсү Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” билдирген. (ZKo)