Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Түркияда Кыргызстандын маданий күндөрүн өткөрүү боюнча сүйлөшүү болот

Маданият жана маалымат минстрлигинин кабарлашынча аталган мекеме жетекчиси Садык Шер-Нияз 23-26-ноябрда Анталья шаарында өтчү түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин (ТЮРКСОЙ) 28-жыйынына катышат. Кыргыз өкмөт мүчөсү Түркиянын маданият жана туризм министри Эртургул Гүн менен да жолугуп, 2011-жылы Түркияда Кыргызстандын маданий күндөрүн өткөрүүгө даярдыктар тууралуу сүйлөшөт.

Антальяда өтүп жаткан жыйында ТЮРКСОЙ уюмунун 2011-жылдагы иш планына өзгөртүүлөр киргизилип, Ашхабад шаарында “Түрк дүйнөсүнүн маданияты” фестивалын өткөрүү талкууланат. (GA)
XS
SM
MD
LG