Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Майыптарды колдоо боюнча айлык иш-чара башталды

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей “Баарыбыз - биргебиз” деген аталыштагы айлык иш-чара 20-декабрга чейин уланат. Майыптардын эл аралык күнүн утурлай кыргыз өкмөтү бекиткен иш-чаранын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомчулуктун көңүлүн буруп, материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Кыргызстандагы кайрымдуулук менен алектенген жеке адамдар, ишканалар, эл аралык жана коомдук уюмдар иш-чарага жапа тырмак катышууга чакырылат. Расмий маалымат боюнча өлкөдө 120 миң майып жашайт. Көз карандысыз булактар майыптардын 35% эч жерде каттоодо турбагандыгын билдирет. (GA)
XS
SM
MD
LG