Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Апрель окуясы боюнча сотто айыпталуучуларга күнөө коюлат


Бүгүн спорт ордосунда улана турган сотто 20 айыпталуучуга айып угузулат. Кечээки соттук отурумда 8 кишиге айып тагылды. Алардын ичинен мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев менен экс-президенттин укук жана тартип боюнча кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев гана сот ишине катышты. Калган алтооно экс-президент К.Бакиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурдагы төрага жардамчысы Марат Бакиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, экс-президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная жана мурдагы баш прокурор Н.Турсункуловго сыртынан айып коюлду.

Б. Калыев менен Э. Сатыбалдиев коюлган күнөөлөрдү моюндарына алган жок. 18-ноябрдагы сот отурумуна келбеген Оксана Малеваная, Н.Турсункулов жана К.Жороевго издөө жарыяланып, баш коргоо чарасын өзгөртүүгө сот өкүм чыгарган. (GA)

XS
SM
MD
LG