Мындай күнөө мамлекеттик айыптоо тарабынан “Альфа” атайын кызматынын башчысы Алмаз Жолдошалиевге тагылган. Ал 7-апрель күнү “Форум” ишканасынын жанына 4 унаага ок атуучу куралдарды жүктөп барган, натыйжада “Альфа” кызматы төрт унаа, 19 автомат, 129 граната, 13 тапанча, көзгө атар мылтык жана он миңге жакын октон ажыраган деп белгилейт айыптоо. Ага мындан тышкары 7-апрель күнү куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген да айыптар тагылган.
“Альфа” атайын кызматынын башчысы өзүнө тагылган айыптар менен тааныш эмес экендигин билдирип, аларды мойнуна албасын айтты. (ZKo)
“Альфа” атайын кызматынын башчысы өзүнө тагылган айыптар менен тааныш эмес экендигин билдирип, аларды мойнуна албасын айтты. (ZKo)