Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Ошто Шейит-Дөбөдөгү кандуу окуя боюнча сот болуп жатат


Ош шаардык сотунда Шейит-Дөбө кичирайонунда орун алган кандуу окуя боюнча каралып жаткан процесс аяктап калды. Бүгүнкү сот жараянында тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Мамлекеттик айыптоо 12-июнь күнү Шейит-Дөбөдө Алмазбек Раимжановдун үй-бүлөсүнө кол салып, анын аялын, он жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, 15 жаштагы кызын зордуктап, сөөгүн өрттөп жиберген алты кишинин баарын үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою жазага тартууну соттон сурады. Айыпталуучулардын бири аял киши.

Шейит-Дөбөдөгү бул кандуу окуя боюнча соттук териштирүү 10-ноябрда башталган, ишти Ош шаардык соту шаардагы аскер бөлүктөрүнүн биринде карап жатат.

Июнь коогалаңында расмий маалыматтар боюнча 400 ашуун киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Расмий эмес маалыматтар боюнча бул көрсөткүч алда канча көптүгү айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG