Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Кыргызстандын ички-дүң продукциясы быйыл 3,5% азаят


Бул тууралуу Эл аралык валюта корунун туруктуу өкүлү Коба Гвенатадзе маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл жалпы Борбор Азия боюнча экономикалык өсүш бар, бирок Кыргызстандагы апрель, июнь окуялары өлкөгө экономикалык жактан терс таасирин тийгизди. Апрелге чейин Кыргызстан дүйнөлүк каржы каатчылыгынан кийин оңолуп келаткан, бирок ички чыр-чатактар, буга байланыштуу чек аралардын жабылышы терс таасирин тийгизди, дейт Коба Гвенетадзе. Анын айтымында, азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу 7% инфляция болжолдонууда.

2010-жылкы республикалык бюджет 54, 521 млрд. сомду түзөт, апрель, июнь окуяларынын кесепеттеринен улам бюджеттин дефицити 21,6 млрд. сомго жеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG