Энергетика министрлигинин маалыматына караганда ГЭСтин 1-агрегатын ишке киргизүү мурда кабарлангандай 26-октябрда эмес, бир күн кийин ишке киргизилет. Ишке киргизүү мөөнөтү жума күнү боло турган өкмөттүн жыйынына байланыштуу жылдырылды.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты символикалык түрдө 2010-жылдын 30-августунда ишке киргизилген. Андан кийин айрым бир тиешелүү иштерин жүргүзүү үчүн токтотулган. Энергетика министрлиги агрегат 10-октябрда ишке киргизилерин маалымдап, кийинчерээк бул агрегатты иштетүүчү көзөмөл кабелдерди орнотуу ишине байланыштуу 26-октябрга калтырылганы айтылган. (ZKo)