Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

“Ата Журт” менен СДП жолугушуусун эртең улантат


“Ата Журт” фракциясынын лидери Акматбек Келдибековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө негизинен кеңири коалиция түзүү тууралуу сөз болду. Анда тараптар коалиция түзүүнүн шарттары жана түрдүү варианттары жөнүндө сунуштар эки тараптан тең айтылды. Фракция лидери эртеңки жолугушууда конкреттүү бир сунуштардын айланасында сөз болушу ыктымал деп эсептейт.

Коалиция түзүүнү колуна алган Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаев “Ата Журт” фракциясынын мүчөлөрү менен эки күндөн бери жолугушууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG