Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Апрель окуясы боюнча айыптар угузулуп бүттү


Бүгүнкү соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоо соттолуучуларга тагылган айыптар менен тааныштыруусун аяктады. Бүгүн негизинен мамлекеттик күзөт кызматынын, “Альфа”, “Арстан” атайын топторунун жетекчилерине жана кызматкерлерине тагылган айыптар угузулду. Ага ылайык 7-апрель күнү Өкмөт үйүнүн 6-кабатында жана чатырында “Альфа” жана “Арстан” атайын топторунун 13 көзгө атары жайгашып, алар МС-13, АКС-74 көзгө атар мылтыктары, автомат, гранатометтор менен куралданышкан. Тергөө учурунда 7-апрель күнү саат 14:00-23:00 ичинде ушулар тарабынан Өкмөт үйүнүн айланасындагы куралсыз адамдарга ок чыгарылганы, мындан 77 киши набыт болуп, 306 адам түрдүү жаракат алгандыгы аныкталды, деп билдирди мамлекеттик айыптоочу. Соттолуп жаткан күч кызматкерлери өздөрүнө тагылып жаткан айыптарга түшүнбөгөндүгүн жана алар менен макул эместигин билдиришти.

7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген айып 28 кишиге тагылган. Апрель окуясы боюнча 17-ноябрдан бери болуп жаткан сотто айыпталуучулардын айыбы угузулуп бүттү. Сот ишин эртең улантат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG