Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Түштүк Корея жана АКШ аскерлери маневр өткөрөт


АКШ жана Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү апта соңунда деңиз машыгуусун башташат. Корея жарым аралындагы АКШ аскерлеринин командачылыгынын билдиришинче, маневр Түндүк Кореянын шейшемби күнкү Йонпхендо аралын аткылоосунан мурда мерчемделген жана Вашингтондун Сеул алдындагы союздаштык милдеттенмесин даңазалайт. Чабуулда түштүк кореялык эки жоокер курман болуп, эки жак өз ара бир кыйла аткылашты. Бул Түндүк жана Түштүк Корея арасындагы соңку ондогон жылдардагы эң чоң чек ара аткылашуусу болду.

Президент Барак Обама шейшемби күнү куптан ченде Түштүк Корея президенти Ли Мен Бакка телефон чалып, АКШ өз союздашын жалгыз калтырбасын билдирди.

XS
SM
MD
LG