Ооганстандын түштүгүндө жешемби күнкү авиачабуулда 16 адаватчы жок кылынганы маалымдалды. Гелманд провинциясынын губернаторунун билдирүүсүнө караганда, НАТОнун учагынын Кажаки районундагы базарга урган соккусу 13 согушчанды катардан чыгарган. Жекшемби күнү Наде Али районунда дагы авиачабуулдан жергиликтүү талиптердин үч командири жок кылынган.