Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Адвокат: Азимжан Аскаровдун абалы жакшырып калды


Июнь коогалаңы боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун абалы бир аз оңолуп калыптыр, деп билдирди анын адвокаты Нурбек Токтакунов «Азаттыкка». Анын айтуусунда, тергөө учурунда башына соку жеген укук коргоочунун сол көзү дагы деле жакшы көрбөйт. А. Аскаров адвокатына түрмө кызматкерлери жакшы мамиле кылып жатканын, дарылоо жакшы жүрүп жатканын билдирип, бирок отурган камерасында жарык жоктугун билдирген. Адвокат укук коргоочу менен бүгүн ал кармалып турган №47 түрмөдө жолугушуп чыкты.

13-июнь күнү Базар-Коргондо башаламандык уюштурган, милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып менен укук коргоочу Азимжан Аскаровду Базар-Коргон райондук соту өмүр бою эркинен ажыраткан. Кийинчерээк соттун бул чечимин Жалал-Абат облустук соту күчүндө калтырган. Адвокат облустук соттун чечими менен макул эместигин билдирип, Жогорку Сотко кайрыларын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG