Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Борбор Азия жана Чыгыш Европда ВИЧ тез жайылууда

Улуттар уюмунун СПИД/ВИЧ боюнча программасы - ЮНЭЙДСтин
башчысы Мишель Сидибенин маалымдашынча, Чыгыш Европа менен Борбор Азияда ВИЧ өтө ылдам жайылууда. Улуттар уюмунун эсебинче, 2009-жылы региондо ВИЧ жуккан 1,4 миллион адам болгон. Бул 2000-жылга салыштырмалуу үч эсеге көп. Коркунучтуу илдет жаңы жуккандардын 90 проценти Россияда жана Украинада жашайт. Мишель Сидибе Венада кабарчылар менен болгон кездешүүдө “ВИЧ жуккандардын региондо тез көбөйүп баратканы бизди коркутат”, - деп, улуттук өкмөттөрдү илдеттин алдын алуу жана болтурбоо чараларын кеңири жайылтууга чакырды.
XS
SM
MD
LG