7-апрелде Бишкектеги Ак үйдүн алдындагы окуя боюнча сотто 306 адам жабырлануучу жана 129 киши күбө катары өтөт. 7-апрель күнү Өкмөт үйүнүн айланасындагы адамдарга каршы атылган октон 77 киши набыт болуп, 306 адам түрдүү жаракат алгандыгы тергөө учурунда аныкталгандыгын мамлекеттик айыптоочу билдирди.
7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген айып 28 кишиге тагылган, алардын ичинен алтоо издөөдө. Кечээ сотто айыпталуучуларга коюлган күнөөлөр угузулган.
7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген айып 28 кишиге тагылган, алардын ичинен алтоо издөөдө. Кечээ сотто айыпталуучуларга коюлган күнөөлөр угузулган.