Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Р.Отунбаева ШКУга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышат


Дүйшөмбү шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынына катышчу кыргыз делегациясын президент Р.Отунбаев өзү жетектейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров "Азаттыкка" билдирди.

ШКУнун жыйынына Казакстандын премьер министри К.Масимов, Кытайдын премьер министри Вэнь Цзябао, Орусиянын өкмөт башчысы В.Путин, Тажикстандын премьер министри А.Акилов жана Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Б.Ходжаев катышат,

Ошондой эле ШКУнун баш катчысы М.Иманалиев, ШКУнун аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Д.Жуманбаев, бул уюмдун Ишкердик кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Д.Мезенцев жана Банктар аралык кеңештин төрагасы Г.Искалиев катышат.

Жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттер ортосунда мындан ары кызматташууну тереңдетүү жана дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистин запкысын жоюу маселеси, бул уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы көп тармактуу соода-экономикалык программанын аткарылышы, андагы Ишкердик кеңештин жана Банктар аралык биримдиктин ролу талкууланат.

Ошондой эле жыйында мүчө мамлекеттердин көп тармактуу соода-экономикалык программасынын аткарылышы жөнүндө ШКУнун катчылыгынын отчету угулаары күтүлүүдө.

25-ноябрда Дүйшөмбүгө келген делегация башчылары менен тажик президенти Э.Рахмондун расмий жолугушуулары өтөөрү кабарланды. Кыргыз делегациясы ушул күнү эле Бишкеке кайтып келет.

XS
SM
MD
LG