Британияда университеттерде окуу үчүн баа көтөрүлөөрүнө жана мамлекет тараптан колдоо азайтылаарына нааразы болгон миңдеген студенттер кечээ Лондондо демонстрацияга чыгышты. Алар полиция менен кагылыша кетип, эки полисменди жарадар кылышты. Нааразылык акциялары өлкөнүн башка шаарларында да болду. Өкмөт 2012-жылдан тарта университеттерде окуу баасын үч эсе жогорулатаарын, мамлекеттен окуу жайларды колдоо үчүн бөлүнчү акчаны 40% кыскартаарын билдирген.