Ооганстанда бир нече аптага созулган териштирүүлөрдөн кийин, шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганын АКШ менен Бириккен улуттар уюму жылуу кабыл алышканын билдиришти. Өлкөдө парламентке шайлоо 18-сентябрда өткөн. Добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 6 миңден ашуун арыз түшкөн эле. Кечээ ооган бийликтери акыркы жыйынтыкты чыгарып, “жеңди” деген 24 талапкердин мандатын “жараксыз” деп табышты. Бир учактоктогу добуштар дагы эле эсептелинип бүтө элек.