Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Азия оюндарында Кыргызстан кайык жарышта коло медаль алды


Кытайдын Гуанжоу шаарында Азия олимп оюндарында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Кабыл Макештин маалымдашынча, кыргызстандык кайыкчы Александр Пароль миң метр аралыкка жалгыздап кайык айдоо боюнча коло медаль утуп алды. Учурда Азия оюндарында көркөм гимнастика боюнча таймашка алатоолук кыздар катышып жатат. Шахмат боюнча эркектер арасында үчүнчү орун үчүн таймашта кыргызстандыктар Филиппиндин командасынан утулуп калышты.

Азия оюндарында Кыргызстанда азыр бир алтын, эки күмүш, эки коло медал бар. Грек-рим күрөшүнөн Данияр Көбөнов алтын медаль, Калыбек Жолчубеков күмүш, ал эми Жанарбек Кенжеев коло медалдуу болушту. Велоспорт жарышынан алатоолук спортчу Евгений Ваккер күмүш медаль алды. Азия оюндарында спорттун 25 түрү боюнча Кыргызстандын 145 спортчу катышып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG