Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:32

Иракта өкмөт башчысы дайындалды

Президент Жалал Талабани азыркы премьер-министр Нури ал-Маликиге өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүү милдетин тапшырды. Мыйзамга ылайык премьер-министрге бул үчүн отуз күн мөөнөт берилет. Парламенттик шайлоодон сегиз айдан кийин ноябрдын башталышында негизги саясий күчтөр бийлик бөлүштүрүү боюнча мунасага келишкен эле. Ага ылайык президент менен премьер-министр кызматында калат, спикерликке ал-Маликинин атаандаш фракциясынын өкүлү шайланмак болгон.
XS
SM
MD
LG