Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:59

Бишкекте саламаттык сактоонун 9-саммити өтөт


Саламаттык сактоо министрилиги билдиргендей, жыйында 2010-жылдагы «Манас таалими» улуттук программасын жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жана 2011-жылга жаңы багыттар талкууланат.

Ошондой эле өтүп бараткан жылдагы каржы, бюджеттин пайдаланылышы, коомдук саламатык сактоо, жеке медициналык кызмат көрсөтүү, приоритеттүү программалар жана адам ресурстары жана 2011-жылдын иш планы каралат. Улуттук эксперттер тарабынан даярдалган 2012-2016-жылдарга карата саламаттык сактоонун стратегиясы дагы талкууга коюлат.

Жыйынга вице премьер министр Өктөмхан Абдуллаева, каржы министри Чоробек Имашев, медициналык жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери катышат.

 

XS
SM
MD
LG