Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Ош шаарына оорукана куруу үчүн Кытайдан грант келет


Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябао кечээ Тажикстанда ШКУнун жыйыны алкагында Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолугушту. Анда Кытай тарап июнь окуяларында жабыркаган Кыргызстандын түштүгүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул максатта жана Ош шаарындагы оорукананы куруу үчүн кытай өкмөтү 42 миллион юанды грант катары бөлүү тууралуу чечкенин маалымдады. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, Роза Отунбаева Кытай бийлигине көрсөткөн колдоо-жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз президенти өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга басым жасады. Тараптар Датка-Кемин электр өткөрүүчү линияны куруу сыяктуу экономикалык долбоорлорду да талкуулашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG