Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

А. Атамбаев Ө. Текебаев менен коалиция тууралуу сүйлөшүүнү улантты


Социал-демократтар партиясынын өкүлү Фарид Ниязов “Азаттыкка” бүгүн аталган партиянын лидери Алмазбек Атамбаев “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушуп коалиция маселесин талкуулады, деп билдирди. Анын айтымында, А. Атамбаев кечээ “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” уюмдарынын өкүлдөрүн кабыл алды. Анда аталган уюмдун өкүлдөрү КСДПга кандай болбосун коалиция түзүүнү табыштап, “Ата Мекен” менен биригүүгө чакырган. Эки партия буга чейин бир нече ирээт коалиция маселеси тууралуу сүйлөшүү өткөргөн, бирок натыйжа чыккан эмес. КСДП андан соң ушундай сунуш менен “Ар-Намыс” партиясына кайрылган. Бирок арнамысчылар кечээ А. Атамбаев сунуштаган шартта коалицияга кирүү мүмкүн эмес деп коалицияга кирүүдөн баш тартты.

Маалыматка караганда КСДП 1-декабрда парламент жыйынын өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Президент Роза Отунбаева Социал-демократтарга тапшырган өкмөт куроо мандаттын мөөнөтү 3-декабрда аяктайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG