Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү маселеси боюнча бүгүн “Ата-Журт” жана “Республика” фрацияларынын жетекчилери менен жолугушат. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматы билдирди. Аталган партия коалиция тууралуу сүйлөшүүлөрдү ушул айдын аягына чейин бүтүрүүнү көздөп, өкмөттүн курамы, түзүмү боюнча Жогорку Кеңештин отурумунун 30-ноябрь, же 1-декабрда өткөрүү демилгеси менен чыгууда. Бүгүн эртең менен Алмазбек Атамбаев бүгүн коалиция тууралуу “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугушкан. (EBM)