Буга байланыштуу Индия Пакистан өкмөтүн кандуу кыянатка тиешеси барларды катуу жазалоого чакырды. 2008-жылы 26-ноябрда Мумбайдагы бир нече имаратка террорчулар тобу кол салып, 166 киши набыт болгон. Террорчулардан бирөө тирүү калып, өлүм жазасына тартылып, бирок өкүмдү кайра буздурган. Пакистанда бул ишке тиешеси бар делинип жети экстремист кармалган. Ушу күнгө чейин алардын бири да соттоло элек.