Бүт дүйнөгө белгилүү автожарыштарды уюштуруучусу "Формула-1" компаниясынын башчысы, 80 жаштагы Экклстоунду белгисиз кишилер түз эле кеңсесинде токмоктоп, 300 миң доллардан ашуун акчасын тартып алышты. Жеңил жаракат алган Экклоустон ооруканага жаткырылды, дарыгерлер анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жоктугун айтышты. Иш иликтенип жатат.