Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Талиптердин өкүлү деген адам алдамчы болуп чыкты


Ахтар Мохаммад Мансур аттуу адам өзүн "Талибан" кыймылынын "экинчи жетекчиси" катары көрсөтүп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн президент Хамид Карзайдын өкмөтүнөн ири суммада акча алган. Жакында айкын болгондой, ал Пакистанда дүкөн кармаган бизнесмен экен. АКШнын атайын кызматтары бул кишиге ишенбегендигин, андан шек санап келгендигин Куралдуу күчтөрдүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Майк Маллен билдирди. Мансур президент Карзай менен жолукканы тууралуу кабарды да Маллен төгүнгө чыгарды.

XS
SM
MD
LG