Баш катчы Пан Ги Мундун кеңсе башчысы Вижай Намбиар бул жерде өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жана оппозиция мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Адегенде Мянманын тышкы иштер министри, өкмөтчүл Тилектештик жана өнүгүү союзунун башчысы, андан соң оппозициянын лидери Аун Сан Су Чжи менен жолугушту. Оппозициянын лидери жакында үй камагынан бошотулган эле. Су Чжи улуттук элдешүү максатында аскерий бийлик менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин айткан эле.