Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Ирландияда массалык демонстрациялар өтүп жатат


Акцияны социалдык төлөмдөрдү жана башка бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча өкмөттүн пландарына нааразылык билдирүү максатында профсоюздар уюштурду. Өкмөт чыгымдарды төрт жыл ичинде алты миллиард еврого кыскартып, салыктардын эсебинен кошумча эки миллиард евро алууну көздөп жатат. Бул шарттар Ирландияга кризиске каршы насыя бөлүүнү чечкен Евросоюз менен Эл аралык валюта корунун чечимдеринде көрсөтүлгөн. Өкмөт даярдаган мыйзам долбоорлорун парламент алдыдагы күндөрдө кароого киришет.

XS
SM
MD
LG