Ырасмий Пекиндин өкүлү ырастагандай, декабрдын башында Түндүк Кореянын атом программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн мүчөлөрү жыйынга чогулушу зарыл жана бейырасмий консултацияларды өткөрүшү керек. Мунун алдында Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак Кытайды Пхеняндын аракеттерине чынчыл жана адилет баа берүүгө чакырган эле. Алдыдагы күндөрдө Түндүк Кореянын парламент башчысы Пекинге келгени жатат.