Наркокартелдердин куралдуу топтору бүгүн күн баткыча колго түшүп берүүгө тийиш. Алардын көбү Рио-де-Жанейронун жакыр маалаларынын бирин окбаанелеп алышты. Кылмыштуу топтордун башчылары жашынып жаткан район полициянын жана аскер күчтөрүнүн курчоосунда турат. Буга чейинки айыгышкан кагылыштарда кырктай киши набыт болду. Соңку маалыматтарда курчоого алынган райондо айыгышкан атышуулар болуп жатканы айтылды.