Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

ЕБ Ирландияга 85 млрд. евро берет


Евробиримдик Ирландияны банк кризисинен куткаруу үчүн 85 миллиард евро (113 миллиард доллар) бөлдү. Франциянын финансы министри Кристин Лагард айымдын сөзүнө караганда, өлкөдө абал өтө оор. Ал эми Испаниянын финансы министри Елена Салгадо: “Азыр Ирландияда кырдаал абдан коркунучтуу деп билем. Анын проблемалары акыркы бир нече күндөгүдөй башка рынокторго ооп кетиши этимал. Ошон үчүн биз бүгүн бул маселени жөндөөнүн татыктуу жолун издөөдөбүз”.

Ирланд өкмөтүнүн маалымдашынча, 50 миллиард евро бюджетти жамоого, калган 35 миллиард евро банктардын капчыгын толтурууга жумшалат. Финансылык кризиске каршы Дублин өзү 17,5 миллиард евро чегерет.

XS
SM
MD
LG