Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:42

Молдова: Коалиция өкмөттү коммунисттерсиз түзөт


Молдовада башкаруучу коалиция өкмөттү коммунисттерсиз курат жана президентти аларсыз шайлайт. Жалпы элдик шайлоодон соң Publica-TV жана СBS-Axa компаниялары өткөргөн эки сурамжылоого (эксит-пол) караганда, премьер-министр Влад Филат башындагы Либерал-демократиялык партия, Молдова демократиялык партиясы жана парламент спикери Михай Гимпу жетектеген Либералдык партия 65 процентке жакын добуш алган. Коммунисттерди шайлоочулардын 26 проценттен 34 процентке чейини колдогон.

Бир да партия парламентте көпчүлүк орунга ээ болбогондуктан акыркы эки жылда кайра-кайра колго салынганы менен президент шайлоо аракети ишке ашпай жаткан.

XS
SM
MD
LG