Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:11

Швейцария чет элдиктерге каршы тартипти катуулатты


Жекшемби күнү Швейцарияда өткөн референдумда көпчүлүк шайлоочулар оор кылмыш жасаган чет элдиктерди өлкөдөн дароо айдап чыгуу жөнүндөгү сунушту колдошту. Радикалдуу маанайдагы Швейцария элдик партиясынын бул демилгесин жалпы элдик референдумга катышкан адамдардын 53 пайызы жактырганын алдын ала эсептөөлөр айкындады.

Мыйзамга киргизилчү түзөтүүгө ылайык, социалдык төлөмдөрдү алдап алган чет өлкөлүктөр да өлкөдөн токтоосуз куулат. Эл аралык "Мунапыс" уюму референдумга коюлган суроолорду “Швейцариядагы адам укугунун башына түшкөн кара түн” деп атады.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG