Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

"Мусулман агаиндер" Египет өкмөтүнө нааразы


Египеттик “Мусулман агаиндер” уюмунун жүздөгөн колдоочулары 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуштар бурмаланганын жана орой мыйзм бузуулар болгонун айтып, добушканалардын алдында нааразычылык билдиришти. “Мусулман агаиндердин” сөзүнчө, аларды колдогон 1200дөй талапкер шайлоо алдында камакка алынган.

Башкаруучу Улуттук демократтык партия 508 орундуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болот деп болжолдонууда. Президент Хосни Мубарак өзү 10 депутатты дайындайт. Парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы бүгүн чыгат. Египетте 41 миллиондой шайлоочу бар.

XS
SM
MD
LG