Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Инвестиция үчүн шартты жакшыртуу маселелери талкууланат


Бүгүн Бишкекте “Хаятт” мейманканасында Эл аралык ишкер кеңеш Кыргызстанда парламенттик башкаруу шартындагы инвестициялык климатты талкуулаган жыйын өткөрөт. Ага президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Расмий маалыматка ылайык, жыйында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин жетекчиси Таалайбек Койчуманов баяндама жасайт. Эл аралык ишкер кеңешти 2000-жылы Кыргыстандагы бир катар ири инвесторлор түзгөн. Азыр анын 145 мүчөсү бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG