Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Коалиция боюнча фракциялардын турумун тактоо жүрүп жатат


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Фарид Ниязов “Азаттыкка” коалиция тууралуу сүйлөшүүлөр дале уланып жатканын маалымдады. Анын айтымында, азыр эки вариантта коалиция түзүү көбүрөөк мүмкүн болуп турат. Биринчиси, КСДП “Ата Мекен” жана “Ата Журт” менен биригет, экинчи вариантка ылайык, КСДП “Ата Журт” жана “Республика” менен коалиция түзөт. Коалиция түзүү боюнча Социал-демократтарга берилген мандаттын мөөнөтү 3-декабрда аяктайт. Буга чейин “Ар-намыс” фракциясы коалицияга кирүүдөн расмий баш тарткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG