Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, өлкөнүн бир нече шаарларында террактын алды алынды. Кылмышка тиешеси бар деп шектелген адамдар кармалып, азыр көрсөтмө берип жатышат. Бир нече килограмм жардыруучу зат колго түштү. Бүгүн түштөн кийин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев окуянын чоо-жайы тууралуу журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөнү жатат.
Маалыматка караганда, азыр өлкөнүн түштүгүндө тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жол тосмолор кайра коюлду. (EBM)
Маалыматка караганда, азыр өлкөнүн түштүгүндө тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жол тосмолор кайра коюлду. (EBM)