Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында, Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө күч органдары курал катылган деп шектелген үйдү текшергенде үйдөн аскерлерге каршы ок атылды. Ошол жерде азыр операция жүрүп жатат. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Батыр Нишанов “Азаттыкка” азыр кырдаал толук көзөмөлгө алынганын, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, шаардагы Ош району, “Келечек” жана борбордук базарларда элдер кымгуут болуп качып жатат. (EBM)