Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Вашингтон "Викиликс" сайтына нааразылыгын билдирди


Вашингтон “Викиликс” (Wikileaks) интернет сайтында дипломатиялык жашыруун документтердин жарыяланышына байланыштуу нааразылыгын билдирди. "Документтердин жарык көрүшү биздин дипломаттарды, адискөй чалгынчыларды, демократияны өнүктүрүүгө жардам сурап дүйнөнүн булуң-бурчунан АКШга агылган адамдарды тобокелге салууда",-деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө. “Викиликс” АКШнын элчиликтери жиберген 250 миңдей сырдуу кат, телеграммалардан үзүндүлөрдү жарыялаган. Маселен, араб өлкөлөрүнүн айрым лидерлери Иранга чабуул коюуга үндөшкөнү, Италия өкмөт башчысы Силвио Берлускони менен орус премьери Владимир Путиндин жакын мамилелери, Кремлдин уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG