Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

Мексикада экология маселелери талкууланат


Мексикада Улуттар уюмунун климат боюнча конференциясы башталды. Канкун шаарына чогулган 200дөй өлкөнүн өкүлдөрү былтыр Копенгагенде өткөн саммитте козголгон маселелерди талкуулоону улантышат. Ал бийик жолугушууда абанын глобалдык ысышын алдын алуу боюнча жаңы келишимге жетишилбей калган. Бул ирет токойлордун жок кылынышы, технологияларды бөлүшүү, жакыр өлкөлөргө климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү үчүн каражат бөлүү маселелери талкууланмакчы. Газ эмиссияларын азайтууга багытталган Киото протоколунун мөөнөтү 2012-жылы соңуна чыгууда.

XS
SM
MD
LG