Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

ЕККУнун миссиясы жыл башында келет


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция адистеринен турган миссиясы Кыргызстанга кийинки жылдын башында жөнөтүлөт. Бул тууралуу уюмдун жаңжалдарды алдын алуу борборунун жетекчиси Герберт Залбер "Ройтерс" маалымат агенттигине билдирди. Топ мурда пландалгандан чакан болуп, 30-31 адамдан турмакчы. Алардын басымдуу бөлүгү түштүк аймакта жайгаштырылат. Адистер жергиликтүү милицияга жардамдашат жана улуттар аралык ишенимди калыбына келтирүү жараянына салым кошот деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG