29-ноябрда Египеттин бир нече шаарында оппозициянын тарапкерлери нааразылык акцияларына чыгышты. Алар 28-ноябрдагы парламенттик шайлоону орой мыйзам бузуулар менен өттү деп санашат.
Кээ бир жерлерде “Мусулман агайындар” жана башка оппозициячыл партиялардын жактоочулары менен полиция төбөлөшө кетти. Тополоңдо бир нече унаа өрттөлдү. Оппозициячыл ири партия - “Мусулман агайындар” шайлоодо катуу жеңилгенин мойнуна алды.
Добуш берүү күнү көпчүлүк шайлооканаларга эл аралык байкоочулар киргизилген жок. Шайлоонун жыйынтыгы бүгүн жарыяланууга тийиш.